реклама
super.kg logo

Чүйдө бир нече адам ММА мушкери Муса Юсуповду сабап 500 миң сомун тартып алган

 

Чүйдө бир нече адам ММА мушкери Муса Юсуповду сабап кетишти. Маалыматты SUPER.KG`ге мушкердин жакындары тастыктады.

Маалым болгондой, окуя бүгүн, 18-июнда Чүйдүн Виноградное айылында болгон. Юсуповго кол салгандар анын уюлдук телефону менен 500 миң сом өлчөмүндөгү акчасын тартып алган.

Чүй облустук Ички иштер башкармалыгынын маалыматына ылайык, аталган айылда болгон окуяга тиешелүүлөрдүн баарынын аты-жөнү аныкталып, алардын бири кармалган.

"18-июнда болжол менен 15:46 чамасында Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнө аймактык ооруканага денесинин ар кайсы жеринен жаракат алган эркек киши жеткирилгендиги тууралуу маалымат келип түшкөн. Окуя болгон жерге барган ыкчам-иликтөө тобу тарабынан ооруканага түшкөн жаран 24 жаштагы Чүйдүн тургуну Ю.М. экендиги аныкталган.

Ооруканадан жабырлануучу арыз жазып, бир нече адам аны сабап, уюлдук телефонун жана 500 миң сом өлчөмүндөгү акчасын тартып алгандыгын айткан.

Сотко чейинки өндүрүштүк иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүүлөрдүн баарынын аты-жөнү такталып, алардын бири 42 жаштагы А.К. кармалды. Мындан сырткары, жабырлануучу менен шектүүлөрдүн баары тууган экендиги белгилүү болду.

Учурда иликтөө иштери уланып жатат", - деп айтылат маалыматта.



 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(4)
19.06.2019. 00:12 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
842
Катталган:
09-12-2014
Соӊку аракети:
16-07-2019 22:58
Жынысы:
Белгисиз
0
500000ди оңой эле чөнтөккө салып жүргөнбү анан кантип таяк жеп калды? Эч жок дегенде экөөсүн эсин оодара койалбадыбы мушкер эмес мен жок дегенде бирин талдыра чапмакмын
19.06.2019. 00:26 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
9
Катталган:
25-04-2018
Соӊку аракети:
17-07-2019 01:14
Жынысы:
Белгисиз
0
Жанын да жургондор билсе керек
19.06.2019. 12:05 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
24
Катталган:
07-03-2019
Соӊку аракети:
22-06-2019 22:32
Жынысы:
Белгисиз
+1
Акчасы бар екенин билгендер кылатда билбеген адам кылбайтда
19.06.2019. 14:57 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
4
Катталган:
09-04-2017
Соӊку аракети:
16-07-2019 21:34
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азыркы заманда 500миң эмес, миллионду салып жүргөндөр четтен табылып калбадыбы...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
128822;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: