Жогорку Кеңеште Эсептөө палатасынын 2018-жылдагы иши жөнүндө маселе каралат

Бүгүн, 19-июнда Жогорку Кеңеште Эсептөө палатасынын 2018-жылдагы иши жөнүндө маселе каралат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин сайтына жарыяланды.

Маалыматка ылайык, отчётту Эсептөө палатасынын төрагасы Улукбек Марипов берет. Буга чейин ал Бюджет жана финансы боюнча комитетинде отчёт берген. Мындан тышкары жыйында 8 маселе каралат. Өкмөттүн айрым мүчөлөрү ант берет, "Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө" мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору, “Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө” мыйзам долбоору, "Жалал-Абад облусунун айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору талкууланат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан