2018-2019-окуу жылында "Сапат" билим берүү мекемесинин 18 бүтүрүүчүсү "алтын сертификатка" ээ болду

Бул жылдагы Жалпы республикалык тесттин жыйынтыгында өлкө боюнча эң жогорку балл - 238 экендиги жарыяланды. Ага Жалал-Абад облусундагы Курманбек баатыр атындагы кыргыз-түрк лицейинин бүтүрүүчүсү Элдияр Чормонов ээ болду. SUPER.KG порталы Элдиярды куттуктап, пикирин укту.

"Мен ЖРТдан жогорку баллга ээ болуп, "алтын сертификат" алам деп ойлогом, бирок өлкө боюнча эң көп балл менде болот деп күткөн эмесмин. Бул менин гана аракетимдин жыйынтыгы эмес, билим алган жердеги мугалимдеримдин эмгеги, алардын мага берген билиминин натыйжасы. Демейдегидей эле бул жылы да биз билим алган мекемеден көптөгөн бүтүрүүчүлөр өлкө боюнча алдыңкы көрсөткүчтөргө ээ болуп, мугалимдерди кубантты. Келечекте программист болсом дейм, бирок кайсы окуу жайга тапшырарымды азырынча тандай элекмин", - деди Чормонов.

Курманбек баатыр атындагы кыргыз-түрк лицейи "Сапат" билим берүү мекемесинин курамына кирет. Бул жылы "Сапаттын" 18 бүтүрүүчүсү "алтын сертификатка" татыктуу балл алды. Алардын тизмеси төмөндө:

балл фамилия аты мектеп областы
238 Чормонов Элдияр Курманбек баатыр атындагы Жалал-Абад лицейи Жалал-Абад
231 Жеңишбек уулу Талантбек Кадамжай "Семетей" лицейи Баткен
231 Мамажанова Гулшода З.Нурматова атындагы Жалал-Абад лицейи Жалал-Абад
230 Эрали кызы Сезимай Курманжан Датка атындагы Ош лицейи Ош
230 Эржигит уулу Тыныбек Курманбек баатыр атындагы Жалал-Абад лицейи Жалал-Абад
229 Сыдыгали уулу Жаныбек Кадамжай "Семетей" лицейи Баткен
229 Шамшидинова Эркинай Курманжан датка атындагы Ош лицейи Ош
227 Календеров Актан Курманбек баатыр атындагы Жалал-Абад лицейи Жалал-Абад
226 Абыкеев Азамат Талас "Манас-Ата" лицейи Талас
226 Алмазбек уулу Нурэлес Ош "Сема" лицейи Ош
226 Маликов Сабырбек Кадамжай "Семетей" лицейи Баткен
225 Эралиев Дастан Талас "Манас-Ата"лицейи Талас
224 Качкынбеков Азат М.Субакожоев атындагы Нарын лицейи Нарын
223 Салайев Кутманбек Кадамжай "Семетей" лицейи Баткен
222 Баркалбасов Сүйүнтбек М.Субакожоев атындагы Нарын лицейи Нарын
222 Русланов Алмаз Х.Карасаев атындагы Ысык-Көл лицейи Ысык-Көл
221 Сайпидин уулу Асан Кадамжай "Семетей" лицейи Баткен

Жылдан жылга аталган билим берүү мекемеден "алтын сертификат" алган окуучулардын саны өсүп барат:

* 2014-2015-окуу жылдарында: 10 окуучу, анын эң жогорку көрсөткүчү 231 балл;

* 2015-2016-окуу жылдарында: 11 окуучу, эң жогорку балл 231 балл,

* 2016-2017-окуу жылдарында 8 бүтүрүүчү, эң жогорку балл 234 балл,

* 2017-2018-окуу жылдарында 14 окуучу, эң жогорку балл 228 балл.

Буга байланыштуу анын усулдарына, окуучуларга берген билимине, жамаатына кызыгып, "канткенде бүтүрүүчү ЖРТдан эң жогорку баллга ээ болот?" деген суроо салдык.

Биз жогоруда кызыккан суроонун жообу - балдарга билим берген мугалимдердин кесипкөйлүгүндө экендиги маалым болду.

"Окутуунун сапаты - кесипкөй, чыгармачыл, жоопкерчиликтүү жана билимин өркүндөтүүгө багыт алган мугалимдердин колунда" деди "Сапаттын" өкүлү суроолорго жооп берип жатып. Аты аталган билим берүү мекемесинин бүтүрүүчүлөрүнүн 40 пайызы жогорку билимди чет мамлекеттерден алышарын да кошумчалап кетүү керек.

Окуу процессинин эффективдүүлүгү болсо - окутуунун жаңы технологиясына, окуу-методикалык базасына негизделген. Бүгүнкү күнгө карата “Сапат” лицейлери предметтик кабинеттер, компьютердик класстар, лабораториялар, аудио-видеотехника менен камсыздалып, интернет түйүнүнө кошулган, китепкана фондусу жыл сайын жаңы муундагы окуу китептери, окуу-методикалык колдонмолор, көркөм чыгармалар, энциклопедиялар жана мезгилдүү басылмалар, ошондой эле электрондук окуу материалдары менен толукталып турат.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Paprikafm
2019-06-20 23:06:19
Бишкектен бироо да жокго
+3
Baktyluu_bolgum_kelet
2019-06-20 23:57:39
Бишкектиктер жок го?Кең келечек! Татыктуу билим каалаймын!
+1
Suzak12
2019-06-21 00:20:04
Жалалабат как всегда переди молодцы так держать.
0
Asslam-aleykum
2019-06-21 18:37:33
Кадамжайданда көп алышыптыр
0
mehhmet
2019-06-21 23:13:05
Куттуктайм! "Сапаттын" жамаатына ыраазычылык.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан