Мындан 26 жыл мурун цыган улутундагы атасы тарабынан Латвияга уурдалып кеткен Бахтияр апасы менен жолукту

Орусиянын телеканалдарынын биринде көрсөтүлчү "Жди меня" берүүсүнө Бахтияр аттуу жигит кайрылып, Бишкек шаарында жашаган апасын таап берүүгө көмөк көргөзүүнү өтүнгөн.

Бахтияр катында цыган улутундагы атасы ал 1 жашар кезинде Рига шаарына уурдап кеткенин жана ошол бойдон апасын көрө электигин жазган. Көрсөтүү Бахтиярдын апасын жана туугандарын издешип, таап алышкан.

Бахтиярдын апасы Айгүл Осмонова азыркы тапта Кыргыз өлкөсүндө жашайт. Анын айтымында, ал 90-жылдары Рига шаарына барып тигүү цехтеринин биринде эмгектенген. Ал жактан Бахтиярдын атасы менен таанышып, бирге жашап калышкан.

"Көп өтпөй мекениме чогуу кайтып келгенбиз. Анан Бахтияр жарык дүйнөгө келди. Жолдошум экөөбүз жарандык никеде жашачубуз. Ал Ригага кетели деп көп айтчу, бирок мен макул болчу эмесмин. Бир күнү ал баламды уурдап кеткен бойдон кайрылып келген жок. Мен көп жерге кайрылдым, көпчүлүк адамдар өз атасы баласына жамандык кылбайт, бир күнү келет деп сооротуп коюшту. Бахтияр мени издеп жатканын угуп, ага жолукчу күндү күтө берип мага убакыт токтоп калгандай туюлду", - дейт Осмонова.

Ал эми Бахтиярдын айтымында, алгач ал атасы менен жашачу, бирок атасы соттолуп кеткенде чоң апасы менен чоң атасынын колуна барган. Ал кишилердин да көзү өткөн соң балдар үйүндө тарбияланган.

"Балдар үйүнө барганда мага жаңыдан бардык документтеримди жасап беришкен. Азыркы тапта үй-бүлөм бар, 3 баланын атасымын. Атам мага апам каякта экенин, эмне болуп ажырашып жана ал кантип мени уурдап кеткенин айтып берген. Анын айтымында, апам жашаган аймактын салты менен мени сүннөткө отургузушмак болгондо ал мени уурдап кеткен", - дейт Бахтияр.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
bond02
2019-06-20 15:55:36
Биздин аялдар тийбеген улут калбаптыр да озу.
+26
Welcome.
2019-06-20 16:15:30
Дагы тийгиле. Ии
+12
FC-Abdish-ata
2019-06-20 18:02:39
Индеецтерге эле тийише элек кыргыз катындары! Даже цыганга гражд брака тийгенден кийин болбой эле калышкан экен мурдаа эле!
+7
Take_men
2019-06-21 08:09:25
FC-Abdish-ata, индеецтерден гарантия бар болуш керек. Америкада кыздарыбыз толтура. Менимче Австралиянын аборигендеринен жээнибиз жок болуш керек. Азырынча...
0
Avrora2017
2019-06-21 12:55:47
Take_men,силер коп ее озу эркектер башка улуттан албай жургонсуп негрге чейин аласынарго жийиркенип этпей эле, оз козум менен коргом кыргыз байкенин эки жолу африканкага уйлонгон, бириси менен жашап ажырашкандан кийин экинчисинда карадан алды, ага чейин кыз издегенин сураба прям кыргыздан кыз таппай коюптур достойная)))
+1
Jasa
2019-06-20 19:24:31
Кайсы элдин жудоо корсон зайыбын, ошол элдин уулуна кой айыпты....талабагыла чындык бул
+22
taalay25
2019-06-20 22:08:01
Балада эмне айып! Апасын издеп тапты
+12
tular
2019-06-20 22:46:55
taalay25, балада айып жок ХХХХХХХХ
+4
Jelezo
2019-06-21 00:21:33
Кыргыз албаса анан тирүү жан өлүп калсынбы, молодец зато уулу бар.
+6
aminali
2019-06-21 02:19:26
Аябай окшош экен апасына!Онуккон заманда апасы издебей кантип журду чыдап, тартындыбы же деген суроо туулат.
+6
280678
2019-06-21 09:54:48
Сиган, Кытай жана башкалар ХХХХХХХХ, бирок арада пайда болгон балдар ушунтип кыйналып өтөт.
Бул эже ойлогон бекен Сигандан тууган баласын.
-3
taalay25
2019-06-21 14:22:41
280678,сиган эмес цыган! Сага ким айтты жогорудагы бала кыйналып жашайт деп! Берки кыргыз агасы менен апасына караганда турмушу бир топ жакшы окшойт
0
elmira.
2019-06-21 11:20:11
Апасынын озу экен
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан