Италияда турак жайда газ жарылып, анда жашаган 3 тургунду издөө иштери жүрүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 20-июнда чет элдик маалымат каражаттары жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, жарылуу Гориция шаарындагы турак жайлардын биринде орун алган. Анда эки кабаттуу үйдүн ичинен газ баллон жарылып, үй урап түшүп калган.
"Эки кабаттуу турак жайда 3 батир жайгашкан, алардын биринде жашаган 3 адамды учурда урандылардын алдынан издөө иштери жүрүүдө. Мындан сырткары, кырсык болгон жерде 8 өрт өчүрүүчү унаа, атайын техникалар иш алып барууда. Окуянын чоо-жайы иликтенип, кырсык эмнеден улам чыкканы аныкталууда", - деп айтылат маалыматта.