Таиландда автобус менен 2 жеңил унаа сүзүшүп, 13 адам жабыркады

Таиландда автобус менен 2 жеңил унаа сүзүшүп, 13 адам жабыркады. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы кечээ түндө болгон. Анда жүргүнчүлөрдү ташыган автобус менен эки жеңил унаа сүзүшкөн.

"Алгач эки жеңил унаа сүзүшүп андан соң экөө тең катуу ылдамдыкта бара жаткан автобусту сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен 1 адам каза болуп, 13 адам ар түрдүү жаракаттарды алган. Жеңил унаанын бирин 7 айлык боюнда бар аял башкарып бара жаткан, ал оор абалда ооруканага жеткирилди", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан