Кыргыз мамлекети баскетбол боюнча дүйнөлүк рейтингде 20-орунда турат. Мындай маалыматты баскетбол боюнча эл аралык федерациясы маалымдады.
Маалыматта айтылгандай, рейтингге 18, 23 жашка чейинки жана андан жогорку жаштагы оюнчулар кирген. Кыргыз өлкөсүндө 18 жашка чейинки өспүрүмдөр алдыңкы орунда турары айтылган. Рейтингде жалпысынан 171 мамлекеттин тизмеси жарыяланган. Ал эми мыкты 100 оюнчунун тизмесинде 4 Кыргыз баскетболчусунун ысымы аталган. Алар:
Нурсултан Лугмазов - 21-орун;
Фёдор Бардашов - 30-орун;
Нурбек Айданбек уулу - 35-орун;
Денис Геращенко - 49-орун.