"Бакай Банк" ачык акционердик коому "БТА Банк" жабык акционердик коомунун акцияларын сатып алууга уруксат алды

“Бакай Банк” ачык акционердик коому жана “БТА Банк” жабык акционердик коому бир коммерциялык банк болуп биригүүдө. Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкы “Бакай Банк” ачык акционердик коомуна “БТА Банктын” акцияларын алууга уруксат берди. Бардык процедуралар ишке ашырылгандан кийин банк мыйзамдарына ылайык, бардык кабыл алынган чечимдер тиешелүү шартта толтурулуп, документтик пакеттер Улуттук Банкка “Бакай Банк” ААКсы менен “БТА Банк” ЖАКсынын биригүүсү үчүн жөнөтүлөт.

Өлкөнүн өнүгүп жаткан эки динамикалуу банктарынын биригүүсү синергия максатында жүрүп жатат. Бул жол активдердин биргелешкен ишмердүүлүгүн жакшыртып, биргеликтеги иштин жыйынтыгы ар бир банк өз алдынча иш жүргүзгөндөгүгө караганда бир топ жогору болот. Биригүүнүн жыйынтыгында Кыргызстандын финансылык рыногунда эң күчтүү финансылык институт түзүлөт. Ал республикадагы эң ири делген жана системдик маанидеги финансылык институттардын катарына кошулат. “Бакай Банк” менен “БТА Банктын” ири финансылык активдери гана эмес, бардык мыкты операциялык, техникалык, кадрдык жана башка чечимдери да биригет.

Биригүүнүн негизги пайдасын эки банктын кардарлары көрөт. Масштабдын жогорулашы - банктын сапаттуу, ылдам жана ыңгайлуу кызматтарын жогорку деңгээлде көрсөтүүгө жол ачат. Кыргызстандын бардык аймактарында аманат кассалардын, филиалдардын саны өсөт. Кызматташтыкта боло турган чет өлкөлүк өнөктөш банктардын саны да көбөйөт.

Эки банк тең кардарларга кызмат көрсөтүүнүн техникалык жаңы кызматтарын, эң мыкты шарт түзүүнүн алдыңкы ыкмаларын ишке киргизүүнүн үстүнөн иштейт. Эки банктын жогорку квалификациялуу адистери да биригишип, биргеликте жаңы глобалдуу максаттарга жетүүнүн үстүнөн иш алып барат. Активдүү кардарлардын базасынын жана эки банктын технологиясынын биригиши финансылык институттун рыноктук позициясынын жогорулашына алып келет. Мындай ыкма иштин эң мыкты жолун колдонууга жана комбинациялоого шарт түзөт. Муну менен ал ички рынокко да, экспортко да багытталган Кыргыз Республикасынын экономикасын каржылоодогу ишенимдүү булакка айланат.

Бул биригүү Кыргызстандын экономикасынын жана Финансылык системди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик саясаттын талаптарына толук жооп берет. Чындыгында эле аймактарды өнүктүрүүгө мурункудан да чоң мүмкүнчүлүк түзүлөт. Эки банктын биригиши тышкы экономикалык интеграциялык процесстерге жакшы таасирин тийгизет. Биригүү процесси бир аз убакытка созулганы менен, кардарларды тейлөөгө эч кандай таасири тийбейт. 2019-жылдын аягына чейин “Бакай Банк” менен “БТА Банкы” бири-биринен көз карандысыз өз ишмердүүлүктөрүн улантат. Этап-этабы менен биригүүнүн эң мыкты вариантын профессионалдардан түзүлгөн атайын команда иштеп чыгарын “Бакай Банк” ААКсынын төрайымы Бакита Мундузбаева билдирди.

"Бакай Банк" ААКсы - 20 жылдан ашык мезгилден бери Кыргыз мамлекетинин жашоочуларына финансылык кызматтын кеңири түрүн көрсөтүп келе жатат. Азыркы учурда өлкөнүн бардык аймактарында банктын 76 сактык кассасы жана филиалдары бардык кардарларга бат жана ыңгайлуу тейлөөлөрдү жүргүзүп келет.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан