Кыргыз жөө күлүктөрү Бакуда өтө турган мелдешке катышат. Бул тууралуу дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдирди. Азербайжандын борборунда 28-29-июнь күндөрү өтө турган мелдешке жеңил атлетика боюнча өспүрүмдөр курама командасынын мүчөлөрү Кыргыз өлкөсүнүн атынан барышат. Алар:
Ева Кадырова, 2002-жылы туулган. Спорт чебери.
Айнуска Калил кызы, 2003-жылы туулган. Спорт чеберчилигине талапкер.
Чолпон Таалайбекова, 2003-жылы туулган.
Элдияр Кадыров, 2002-жылы туулган.
Спортчулардын мелдешке катышуусу үчүн дирекциянын бюджетинен 148 миң сом каралды.