Өлкөдө унааны каттатуу арзандайт

Кыргыз өлкөсүндө унааны каттоо жана кайра каттатуу 1-августтан тарта 589 сомго түшөт. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз кызматы кабарлады.

Белгилүү болгондой, 14-июнда тендердин жыйынтыгы чыгарылып, унааларды каттоо жөнүндөгү күбөлүктөрдүн бланкаларын даярдай турган "Госзнак" ЖЧКсы менен келишим түзүлгөн.

"Жаңы түзүлгөн келишимдин шарты боюнча бир бланканын баасы 192 сомду түзөт, бул мурдагыга салыштырмалуу 4 эсе арзан. Буга чейинки компания бир бланканы 10 евродон жеткирип турган. Эми евронун наркынан көз каранды болбош үчүн бланкалардын баасы сом менен бааланат", - деп билдирди басма сөз кызматы.

1-августтан тарта унааларды каттоо жана кайра каттатуу мурдагыдай эле 920 сомду түзөт, бирок бланка 192 сомдон (мурдагы баасы 781 сом 50 тыйын) берилет.

Мамлекеттик номердин баасы дагы мурдагыдай эле - 788 сом. Натыйжада каттоо азыркыдай 2 миң 489 сом 50 тыйын эмес, 1 миң 900 сомду түзөт.

Компания бланкаларды бир ай мурда жеткирүүнү убада кылган. Мындан улам алар 1-августтан тарта бериле баштайт.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Chungyz
2019-06-25 19:01:56
Элди алдап секин дагы которуп коюшат баасын
+6
tular
2019-06-25 19:48:02
Арзандайт деп туруп, кайра ошол эле баада сатылат дейтго?! Кыргызча жазып бирок маанаси жоголуп кетиптирго??? Же туура эмес которулганбы???
+3
karakozum
2019-06-26 10:20:16
tular, 1-августтан тарта унааларды каттоо жана кайра каттатуу мурдагыдай эле 920 сомду түзөт, бирок бланка 192 сомдон (мурдагы баасы 781 сом 50 тыйын) берилет деп турат го.
Мурун бир бланкага 781, 5 сом төлөсөк эми 192 сомдон гана толой баштайт экенбиз, ошондо мурун каттоо учун 920+781.5+788=2489.5 сом толосок, эми бланка арзандап 920+192+788=1900 сом төлөп калат экенбиз.
0
Aidar.001
2019-06-25 21:27:40
2 мин 498 сом 50 тыйын эмей эле, 4 мин сомдон жогору болот го матиздин озуно эле, коррупция жок, коррупция жооок!
-5
didu
2019-06-26 22:37:56
россиядан алынып келингендер кандай болот жазып койгулачы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан