Бишкектеги СИЗО-1де эски телефон уурдаганы үчүн белгиленген мөөнөттөн ашыкча отурганын айтып акыйкатчыга даттанган келин үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, келин СИЗО-1де Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча камакка алынган Аида Салянова менен бир камерада кармалып турган.
"Телефон уурдоого шектелген келин 24-июнда Свердлов райондук сотунун чыгарган чечими менен үй камагына чыгарылды" деп билдирет басма сөз кызматкери.
Окуянын чоо-жайы:
12-июнда акыйкатчы Токон Мамытов СИЗО-1ге барган учурда Б.С. аттуу аял менен маектешкен. Ал буга чейин акыйкатчыга арыз менен кайрылып, Свердлов РИИБинин тергөөчүсү менен райондук соттун судьясынын аракеттерине даттанган. Арыз ээси эски телефонду алганы үчүн кармалган. Ал телефонду өз ээсине кайтарып берип, жабырлануучу тил кат да жазып берген. Ошондой эле арыз ээсинин 1 жаш 2 айлык баласы жана 3 айлык боюнда болгон.