"Арсланбап, Сары-Челек Европадагы өлкөлөрдү эске салды" дейт Кыргыз өлкөсүнүн жаратылышын камерага түшүргөн голландиялык сүрөтчү

Голландиялык белгилүү сүрөтчү Альберт Дрос Кыргыз өлкөсүнө экинчи ирет келди. Буга чейин ал Ысык-Көлдүн жээгиндеги коктуларды камерага тартып, документалдуу тасманын тартуу иштерин жасап кеткен. Ал кетип жатып Кыргыз өлкөсүнө июнь айында келерин, экинчи саякатында Ленин чокусуна барарын айткан.

"Кыргыз өлкөсүнө биринчи жолу барганда дээрлик баарын көрдүм. Экинчи жолу келгенде өлкөнүн түштүк тарабында болуп, эсте каларлык пейзаждарга көңүлүм бурулду" деген ал.

Альберт Дрос өзүнүн саякатын Ош шаарынан баштап, Бишкекте аяктаган. Анда ал тааныш эмес аймактарды кыдырып, сүрөткө тартканын билдирген. "Бул жолку сапарымда мени таң калтырганы - жаратылыштын жапжашыл болгону. Биринчи жолку саякатымда мындай түстү кезиктирген эмесмин. Бул өлкөнүн табияты Исландиянын жаратылышына, АКШдагы Юта штатындагы коктуга, Гималай чокусуна, Европадагы Альпы тоолоруна абдан окшош экен. Сиз мындай жерлерди Бишкектен анча алыс эмес жерден, мисалы, "Ала-Арча" мамлекеттик паркынан кезиктире аласыз. Ал эми өлкөнүн түштүк тарабына болгон саякатымда Арсланбап, Сары-Челек өңдүү жерлерге көңүлүм бурулду. Бул жерлер мага Европаны эске салды. Айлананын баары жашыл", - деп сүрөттөйт ал.

"Менин саякатымдагы эң бийик жер Ленин чокусу болду. Оштон түштүк тарапты көздөй бир нече сааттык жол жүрсөңүз Кыргыз өлкөсүндөгү бийиктиги боюнча экинчи орунда турган чокуну кезиктиресиз. Анын бийиктиги 7100 метрди түзөт. Деңиз деңгээлинен 3500 метр бийиктиктеги чокуга чыкканда башкача көрүнүшкө күбө болосуздар. Бир нече күн бою өрөөндө, көлдө, чокуларда болуу өзгөчө сезимдерди тартуулады. Биз бир эле күндө жаратылыштын 4 мезгилин көрдүк. Тагыраагы, тропикалык ысыкты, карды, жамгырды жана жылуу аба ырайын", - деп эсте калган сезимдери менен бөлүшкөн.

Мындан тышкары сүрөтчү Кыргыз жериндеги туризм өнүгүп келе жатканын, бирок тейлөө жагы баштапкы этапта экенин айткан.

"Жергиликтүү тургундардын меймандарга камкор болгону аябай жагымдуу болду. Эгер силер дагы барып калсаңар, бардык үй-бүлө мүчөлөрү жылуу-жумшак тосуп алышат. Сага камкордук кылат, даамдуу тамактарды жасап беришет".

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
baktybek90
2019-06-26 13:32:14
Кыргызстан дын кадырын четке чыканда билет екенсин биздин жер баасы жок ата бабаларга размат
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан