Кыргызстанда интернет-трафик өсүп жатат, 4G LTE түйүнүнүн сыйымдуулугу чоңоюуда

Курорттук сезонго түйүндүк инфраструктураны активдүү даярдоо менен бирге О! Мобилдик оператору борбор калаада жана жалпы республика боюнча 4G LTE түйүнүнүн сыйымдуулугун кеңейтүү ишин улантууда. Аткарылып жаткан жумуштар улам барган сайын учурдагы LTE-түйүнүнүн техникалык өзгөчөлүктөрүн жакшыртууга шарт түзүүдө. Мында анын өткөрүмдүүлүк жөндөмү чоңойтулуп, маалыматтарды өткөрүү ылдамдыгы олуттуу жогорулайт.

О! Мобилдик операторунун 4G LTE түйүнү кийинки калктуу пункттарда жаңыртылды:

Чүй облусу: Кара-Балта, Шопоков, Кант шаарларында, ал эми Гавриловка, Кемин, Фрунзе, Шалта, Чоң-Жар, Ивтановец, Сары-Жон, Полтавка, Орто-Суу, Буденовка, Ленинское, Киргшелк, Новопокровка, Дружба, Озерное, Арчалы, Ивановка, Ак-Бешим, Октябрьское, Кой-Таш, Васильевка, Кум-Арык, Сокулук, Красная Речка, Новопавловка, Военно-Антоновка, Жал, Кызыл-Туу айылдарында. Ала-Тоо, Бирдик, Тынчтык, Акыл-Ордо жаңы конуштарынын тургундары байланыштын сапаты менен мобилдик интернеттин ылдамдыгынын жакшыртылгандыгын сезе алышат.

Ысык-Көл облусу: Чолпон-Ата шаарында жана Жаркынбаев, Кароол-Дөбө, Бает, Ак-Терек, Сары-Ой, Чок-Тал, Ак-Үстөн, Тилекмат, Ак-Дөбө, Дархан, Кызыл-Суу, Ак-Терек айылдарында.

2019-жылы О! Мобилдик оператору LTE-инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча долбоордун бир катар ири этаптарын ишке ашырды. Бул ишмердүүлүк О! операторун Кыргызстандагы 4G LTE-түйүнүнүн камтуусу жана сыйымдуулугу боюнча лидерликке жеткирди.

Лидерден 4G сигналын күйгүз!


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан