Орусиянын Тверь шаарында 3 күн бою дайынсыз жоголуп кеткен 86 жаштагы кемпир токойдон адашып кетип, сазга белчесинен тыгылып калган. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, эс-тутуму начарлаган кемпир 23-июнь күнү көчөгө чыгып, адашып кеткен. Аны издөө үчүн 30га жакын адам чогулуп, издөө иштерин башташкан.
"Үйүнөн 8 чакырым алыстыкка кетип калган кемпир токойдун четиндеги сазга түшүп кетип чыга албай калган. Ал бир бутакка жабышып, алы кеткен абалда табылган. Канча убакыт ал жерде турганы белгисиз бойдон калууда. Улгайган аял аябай тоңуп калгандыктан өз алдынча саздан чыга алмак эмес, бирок эң негизгиси аман калган. Ага медициналык жардам көрсөтүлүп, ооруканага жеткирилген", - деп айтылат маалыматта.