Президент Алмазбек Атамбаев шайлоого жубайы менен келди (Фоторепортаж)

Бүгүн президент Алмазбек Атамбаев Бишкек шаарынын №5-лицейинде жайгашкан №1209-шайлоо участкасына жубайы Раиса Атамбаева менен келип добуш берди. Добуш бергенден кийин Алмазбек Атамбаев журналисттердин суроолоруна жооп берип, шайлоо таза өтөрүн белгиледи. Ошондой эле мамлекет башчы шайлоо абалын курчуткандар болот деди. "Шайлоо адилеттүү, таза өтпөйт дегендер - бийлигин жоготкондор. Андыктан шайлоонун абалын курчуткандар болот. Бирок азыр адамдар да, өлкөбүз да башка. Эртең чыгып кыйкырам дегендер мындан 4 жыл мурун шайлоо кантип өтүп жүргөнүн эстешсин. Бирок биз дайыма алдыга жылабыз. Кыйынчылыктардын баары артта калды",- деп билдирди президент.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан