Орусиянын мугалимдерине Кыргыз өлкөсүндө иштөө сунушталды

Орусиянын агартуу министрлиги Кыргыз өлкөсүндө 2019-2020-окуу жылына иштөөгө мугалимдерден арыздарды кабыл алуу жарыялады.

Маалым болгондой, жаңы окуу жылына орус тили жана адабияты, физика, математика, химия, биология, маалыматтык технологиялар боюнча жана баштапкы класстардын мугалимдерин Кыргыз өлкөсүнө жөнөтүү пландалууда.

Орусиянын мугалимдерин чет мамлекеттерде иш менен камсыздоо боюнча гуманитардык долбоор Кыргыз өлкөсүндө 2019-жылдан тарта ишке ашырылууда. "Мугалимдерге айлык маяна төлөнөт. Мындан тышкары алар медициналык камсыздоо, турак жай жана ишке барып келүүгө жол кире менен камсыздандырылат. Бул долбоордо катышуу педагогикалык стажды токтотпойт. Ага катышуу үчүн 5 жылдан кем эмес мугалимдик тажрыйбасы керек", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (18)
senchi
2019-06-29 11:54:18
Жол киресинда дейби, эмне акчанар көппү,акчанар көп болсо эжекелердин жол киресин төлөгүлө.
+7
aziiiz
2019-06-29 12:09:15
Менин да иштешиме ушундай шарт түзүп берсенер, тилим тешилгиче окуучуларга билимимди берет элем. Айлыгым 5 мин болгон үчүн чет жерде жүрөм. Мага окшогон ондогон жаш адистер чет жерде жүрүшөт. Чынында 5 мин сом айлык эмнеге жетет. Ал-күчүбүз барда жашообузду оңдоп алалы деп, беш жыл баш көтөрбөй окуп жүрүп алган дипломду сандыка салып, кудай берсен чет элден бер деп бирөөнүн жеринде ырыскыбызды терип жүрөбүз. Ооба! Чет жактан мугалимдер келип тажрыйба алмашуу да эң туура нерсе, бирок өзүбүздү...
+14
aziiiz
2019-06-29 12:10:44
Өзүбүздүкүн да ойлоп, шар түзүп беришсе гана атаканат. Бул жагы түш сыяктуу....
+2
Bakyi
2019-06-29 12:17:42
Аларга кете турган каражатты россия каржылайт.
+3
madina.87
2019-06-29 12:18:18
Өз агасын агалай албаган, киши агасын сагалайт имиш!!!
Ошол шартты өзүбүздүн жарандарга түшүп берсе,кош колдоп иштеп беришпейт беле!!!
Орустар келип иштебейт!!!
+5
Nazar76
2019-06-29 12:44:10
Кыргызстан кайактан каржылай алмак озубуздун мугалимдерди анан эптеп атат Менимче Россиядан келген мугалимдерди орустар оздору каржылайт болуш керек
+6
Dembele84
2019-06-29 14:23:21
Орустардын агартуу министрлиги оздору жонотуп и оздору каржылайт.Мындайча айтканда командировкага тологондой эле...
+2
KaGaH
2019-06-29 17:00:24
Булардын максаты кыргызды орусташтыруу,кыргыздарды колдон чыгарбоо айта берсе сөз көп,биз орустардын влияниесинен чыксак гана оңолобуз,орус өлтүрбөйт жана өндүрбойт
+1
Shef87
2019-06-29 17:44:01
5мин айлыккабы
-1
Aijan2905
2019-06-29 22:36:39
Андай болсо жакшы экен, окуучу балдардын билим денгээли бир аз жакшырат, башка тил билген эч убакта ашыкча болбойт
0
Sambet08
2019-06-29 23:52:31
Биринчи озубуздун мугалимлерге эптеп айлык берип которуп алсанар чет элдикин эмес озубуздукун кыйратып алгылачы
-1
Birimdik5555
2019-06-30 02:39:31
Мага жол кире,турак жай бербей эле 20 мин айлык толоп берсе иштейт элем,чет олкодо журбой иии гана эми ошондой болсо
-1
senchi
2019-06-30 12:46:05
Алар сигарет чегип кофе ичкенден башканы билбейт. Же биздин мугалимдерди билимсиз дегенге барабарбы.
0
Kroxa
2019-06-30 21:09:44
Ой..мейли кайра жакшы айылдарда орус тили онуксун тупа туура келишсин иштешсин..орусу толойбу кыргызы толойбу кимге кандай тиешеси бар.???..главный аймактарда орусчаны жакшы оздоштурушот келечекке жакшы болот...
+2
ainura220888
2019-07-01 20:26:48
Анткен менен 1класста бизде 47окуучу экен "орус класска" алда бир жаш мугалим экен экообуздун орусчабыз бирдей эле экен. Директорго 10мин берип киргизиптир еще бироонун уйуно прописка кылып баланы. Кыскасы озу ата энелер кызыктар ошого. Анан албетте орус мугалим болсо жакшыраак уйронотда орусчаны. Бизге окшоп сабакты жарымы орусча жарымы кыргызча отбой.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан