Европалык окумуштуулар ар бир онунчу адам өлөр алдында эмнелерди сезерин аныкташты. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалым болгондой, изилдөөнүн жыйынтыгы Норвегияда Неврология боюнча Европалык академиянын конгрессинде айтылды. "Окумуштуулар 35 мамлекеттен 1034 адамдан онлайн-сурамжылоо жүргүзүп, бир нече суроолорго жооп берүүнү өтүнүштү. Мисалы, "Өлүмгө байланыштуу табышмактуу сезимдерди баштан өткөрдүңүзбү?", "Алар кандай болду?" деген сыяктуу суроолор болду.
289 адам ушундай сезимдер болгонун айтышты. Мындай жоопторду өмүрүнө коркунуч жаралган жарандар да, жамандыкты сезбеген жарандар да беришти. Сурамжылоого катышкандардын 87 пайызы "убакытты башкача кабыл алуу", 65 пайызы "бат ойлонуу", 63 пайызы "жарык сезимдер", 53 пайызы "денеден алыстоо" сезимдерин баштан өткөргөнүн айтышты", - деп айтылат маалыматта.