Мексиканын Гвадалахара шаарынын 6 районунда 30 градус ысыкта күтүүсүз жерден кар жаады. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, кардын калыңдыгы айрым аймактарда 1 жарым метрге жеткен.
"Бул жаратылыш кубулушунан жабыр тарткандар жок. Бирок бактар кулап, суулар жээкке ашып кеткен фактылар катталган. Кар шаарда 30 градус ысык болуп турган убакытта күтүүсүз жааган. 200гө жакын турак үйлөр жана көптөгөн унаалар талкаланган", - деп жазылат мааалыматта.
Аймактын губернатору бул көрүнүш климаттын глобалдык өзгөрүшүнөн болуп жаткандыгын айтып, элдерди жаратылышты коргоого чакырган.