Германияда аскер учагы кырсыкка учурап, 1 адам каза болду. Бул тууралуу 1-июлда чет элдик маалымат каражаттары жазып чыкты.
"Кырсык Хамельн-Пирмонт аймагында орун алган. Учак Германиянын аба күчтөрүнө таандык. Кырсык эмне себептен улам болгону азырынча белгисиз, учурда бул окуя боюнча иликтөө иштери жүрүүдө. Жергиликтүү бийлик окуя тууралуу эч кандай комментарий бере элек", - деп айтылат маалыматта.