Ысык-Көл облусунда 2 кишини өлтүрүүгө шектүү жаран барымтага алган аялды коё берди. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Кылмышка шектүү С.С. барымтага алган Л.И.ни өзү коё берди. Шектүү барымтага алган аялды коё бергенден кийин ат менен андан ары жолун улап кеткен", - дешти ОИИБден.
4-июлда Түп айылынын тургуну 29 жаштагы С.С. "Вепрь" үлгүсүндөгү ок атуучу курал менен Эңилчек жайлоосунда жайгашкан "Хан-Теңири" лагеринин директорунун орун басары А.Д.ны жана аталган жерде ар кандай жумуштарда иштеген М.К.ны атып өлтүрүп, ошол жерде иштеген Л.И.ни барымтага алганга шектелип жатканы маалымдалган.