Кемин районунун Сасык-Булак айылында куткаруучулар каналга түшүп кеткен жаранды куткарып калышты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 1991-жылы туулган жергиликтүү жаран уюн каналдан чыгарам деп өзү түшүп кеткен.
"Окуя болгон жерге 8 куткаруучу барган. Жабырлануучу Кемин районунун ооруканасына жеткирилген, абалы канааттандырарлык", - деп билдирди басма сөз кызматы.