6-июлда Воронцовка айылында саясатчы Өмүрбек Текебаевдин жубайы Айгүл Текебаеванын апасын акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүп жатат. Ага Өмүрбек Текебаев да катышты. Саясатчы тажияга катышуу үчүн конвой менен абактан чыгарылганы маалым болду. Бул тууралуу "Ата Мекен" партиясынан билдиришти.
5-июлда Айгүл Текебаеванын апасы Бүбүкан Турдуева көз жумду. Ал 77 жашта болчу. Анын дүйнөдөн кайтуусуна көптөн бери ооруп жүргөнү себеп болду.