Челябинскте ажырашууга арыз жазган аялын өлтүрүүгө күйөөсү шектелүүдө

Челябинскте ажырашууга арыз жазган аялын өлтүрүүгө күйөөсү шектелүүдө. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, окуя Троицк шаарында 8-июлда орун алган. Анда 36 жаштагы Оксана Садыкова аттуу аялды мас абалдагы күйөөсү мууздап салган.

"Аз убакыт мурун маркум ажырашууга арыз жазган. Бирок ага эч жерде иштебеген күйөөсү каршылыгын көрсөткөн. Мындан улам үй-бүлөдө уруш-талаш башталган. Экөөнүн ортосунда 5, 10 жана 17 жаштагы баласы калды. Учурда бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, маркумдун күйөөсү камакка алынды", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан