Кыргыз балбаны Нуржигит Кеңешбек уулу Таиландда өтүп жаткан күрөш боюнча жаштар арасындагы Азия чемпиондугунда күмүш медалга татыды. Ал грек-рим күрөшү боюнча 67 килограмм салмакта килемге чыкты.
Кеңешбек уулу финалга чейин корей жана өзбек атаандаштарын жеңип, алтын медаль үчүн ирандык балбан менен кез келди. Анда ирандык спортчуга 0:6 эсебинде утулуп, чемпиондуктун күмүш байгесине ээ болду.
Буга чейин бул чемпиондукта грек-рим күрөшүнөн Акылбек Талантбеков да күмүш медаль жеңген.