Таиландда өтүп жаткан жаштар арасындагы Азия чемпиондугунда Кыргыз балбаны Назира Марсбек кызы күмүш медалга татыды. Ал бүгүн, 11-июлда өткөн мелдештерде 59 килограмм салмакта күч сынашты.
Финалга чейин вьетнамдык жана кытайлык атаандаштарын утуп, чечүүчү беттеште индиялык атаандаш менен кез келди. Тилекке каршы, алтын медаль үчүн беттеште Кыргыз балбаны мөөнөтүнөн мурда жеңилди.
Жыйынтыгында Назира Марсбек кызы күмүш медалдын ээси болду.