Улуттук курама команданын футболчусу Валерий Кичин орусиялык "Енисей" футбол клубунан кетти. Бул тууралуу аталган клубдун расмий сайты билдирет.
"Енисейге" ыраазычылык билдирем. Эми жашоомдун жаңы баскычтары башталат" деп айтты Кичин клуб менен коштошуу сөзүндө.
Кичин "Енисей" үчүн жалпы 80 оюндан ашык өткөрүп, 6 жолу гол киргизген. Ал клубдун күйөрмандары тарабынан "Енисейдин" быйылкы сезондогу мыкты футболчусу деп табылган.
Буга чейин Кичинге Орусиянын жана Беларустун клубдары кызыгып жаткандыгы айтылган.