Балбан Нураида Анаркулова жаштар арасындагы Азия чемпиондугунда финалга чыкты

Таиландда өтүп жаткан жаштар арасындагы күрөш боюнча Азия чемпиондугунда Кыргыз балбаны Нураида Анаркулова финалга чыкты. Ал бүгүн, 12-июлда 57 килограмм салмакка чейинки категорияда күч сынашты.

Анаркулова чейрек финалда индиялык атаандашын 7:5 эсебинде утуп, жарым финалда вьетнамдык спортчуну туше менен жеңип алды. Эми финалда япондук балбан менен алтын медаль үчүн күрөшөт.

Ошондой эле бул күнү Айбике Артыкалы кызы (62 килограмм) коло медаль үчүн күрөшөт. Тилекке каршы, Даяна Жакып кызы (65 килограмм) мелдештен четтеп калды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
argen1991
2019-07-12 15:56:10
Азамат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан