реклама
super.kg logo

Ошто жашап жаткан батирге эки кичинекей кызын кароосуз калтырып кеткен аял 6 айдан бери дайынсыз. Кыздарды "багып алабыз" деп 2 үй-бүлө кайрылган

 

Ош шаарында жашап жаткан батирге эки кичинекей кызын кароосуз калтырып кеткен эне 6 айдан бери дайынсыз болууда. Бул тууралуу бүгүн, 12-июлда SUPER.KG'ге Ош шаардык социалдык коргоо башкармалыгынын үй-бүлө жана балдарды коргоо бөлүмүнүн башчысы Гүлзина Раева билдирди.

Белгилүү болгондой, бул убакыт аралыгында эки кызды багып алабыз деген ниет менен эки үй-бүлө кайрылган. Бирок кыздардын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрү жок болгондугуна байланыштуу багып алууну каалагандардын максаты ишке ашкан эмес.

"Энесимин деп бир жолу келип кеткен аял ошол бойдон келген жок. Кыздар тууралуу эч кандай маалымат жок. Мадина менен Мубинанын балдарды реабилитациялоо борборуна келгенине 6 ай болуп калды. Учурда Мадина Оштогу интернат үйүнө которулган, ал эми Мубина Ош шаарындагы үй-бүлөлүк балдарды реабилитациялык-адистештирилген борборунда каралууда. Аларга туулгандыгы тууралуу күбөлүк алуу иштери кызуу жүрүүдө. Күбөлүктөрдү алган соң кыздар башка үй-бүлөгө асыроого берилмекчи", - дейт Раева.

Окуянын чоо-жайына кайрылсак:

Эки кичинекей кызы менен Ош шаарынын Ѳзгѳн кѳчѳсүндөгү үйлөрдүн биринин бир бөлмөсүн ижарага алган келин бир күндѳн кийин кыздарын үйгө таштап кетип, 10 күн дайынсыз болгон. Бул убакыт аралыгында батирдин ээси балдарга тамак-ашын берип, аларды караган. Кийин рейд учурунда кыздарды тиешелүү мекеменин кызматкерлери алып кеткен. 1-февраль күнү кыздардын энеси шаардын социалдык коргоо башкармалыгына барган. Анын ишин караган комиссия кыздарын кайтарып бербөө чечимин кабыл алган. Ошондой эле кыздардын энеси 6 ай бою алардан кабар албаса, энелик укугунан ажыратыла турганы айтылган.



 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
12.07.2019. 19:46 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
20
Катталган:
18-02-2018
Соӊку аракети:
17-07-2019 10:41
Жынысы:
Белгисиз
+6
2оону неге болот. Бир жерде эле караса болбойбу. Анан тобаа озумо ыйман бер аллахым. Кандай ата эне таштап кетти экен
12.07.2019. 23:11 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
150
Катталган:
11-12-2016
Соӊку аракети:
19-07-2019 08:43
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ушул чүрпөлөрдүн ата-энесине наалат, бир туугандар бирге чоноюшса болмок,эми кандай адамдардын колунда тарбияланат аны бир кудай билет. Кээ бирөөлөр багып алып кул катары колдонушат.
14.07.2019. 07:54 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
14
Катталган:
21-03-2018
Соӊку аракети:
19-07-2019 09:35
Жынысы:
Белгисиз
0
Kulatov,туура сени бактым минтим антим деп маалай кылышат эки бир тууган жакын чонойсо жакшы болмок багып ала тургандар болсо кудайым жакшы уй булодон болсун аларды барып текшерип турушсун
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 4 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 4) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
128915;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: