Баткен шаарындагы банктар рубль акча бирдигин сомго алмаштырбай жатышат. Бул тууралуу "ЭЛДИК КАБАРга" байланышкан окурман билдирди.
"Шаардагы ар бир банкка кирип чыктым. Баары "алмаштырбайбыз" деп жатышат. Банктар эл үчүн иштебесе алардын эмне кереги бар? Элге сом керек болуп калса, алар кайда барышат? Мындай көрүнүш дайыма эле болуп турат. Баткен шаары боюнча бири да алмаштырып берген жок. Менчик деп эле өз кызыкчылыктары үчүн иштеген туура эмес. Бул көрүнүш күн сайын болуп турат. Биз рублдун курсу көтөрүлсө алмаштырабыз деп акчабызды сактап жүрөбүз", - деди окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.