Ысык-Көлдө эс алуу учурунда дайынсыз болуп кеткен 5 жашар бала туристтик милиция кызматкерлери тарабынан табылды. Ал ата-энеси менен Казакстандан келгенин Бишкек ШИИББинин маалымат кызматынан кабарлашты.
"Кечээ, 15-июлда Бостери пансионатында Казакстандан келген эс алуучулар туристтик милицияга кайрылышкан. Алар 2014-жылы туулган Т.З. аттуу баласы кум жээктен жоголуп кеткенин айтышкан. Туристтик милиция кызматкерлери ыкчам издөө иштерин баштап, Бостери пансионатындагы кум жээктердин баарын карап чыгышкан. 1 сааттан кийин дайынсыз болуп жаткан бала аман-эсен табылып, ата-энесине өткөрүлүп берилген", - деди басма сөз кызматы.