"Айчүрөк" соода борборунун артында жаңы курулуп жаткан имараттын 4-кабатынан 30 жаштагы жаран кулап түшүп, каза болду

"Айчүрөк" соода борборунун артында жаңы курулуп жаткан имараттын 4-кабатынан 30 жаштагы жаран кулап түшүп каза болуп калды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя 12-июль күнү болжол менен саат 15:10 чамасында болгон.

"Жабырлануучу О.Д. аттуу 1989-жылы туулган жаран экени аныкталган. Ага медициналык жардам көрсөтүлгөнүнө карабастан ал оор жаракаттардан улам каза болуп калган. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө иштери башталды. Учурда окуянын чоо-жайы аныкталууда", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Sagin87
2019-07-17 16:15:51
Жакшы иш болбоптур
0
Flowhive
2019-07-17 16:32:19
Кандуу жол дегендей,кандуу ЦУМ боло баштады го
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан