17-июлда Ош шаарынын вице-мэри Нурбек Кадыров Япониянын "Шеунанизава" курулуш компаниясынын башкы директору Изава мырза менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө Японияда билим алуу жана жаштарды жумуш орду менен камсыздоо жаатында сүйлөшүүлөр жүрдү. Япония тараптын айтымында, аталган өлкөдө негизи төрт багыт боюнча жумушка орношуу мүмкүнчүлүгү бар: социалдык, курулуш, мейманкана бизнес чөйрөсү жана IT-технология тармагы.
“Биз Кыргыз жарандарын Японияда ишке орноштурууну каалайбыз. Алар жок дегенде баштапкы деңгээлде япон тилин билүүсү керек. Ал үчүн Ошто япон билим берүү борбору ачылган. Мындан тышкары студенттер үчүн колледж бар. Тил үйрөнүп бүткөн соң Японияда иш менен камсыз болушу мүмкүн. Кыргыз жарандары үчүн Японияда үч жылдын ичинде болжол менен 3 400 жумушчу орундарын түзүү демилгеси жүрүп жатат. Студенттерде япон мекемелеринде жана ишканаларында тажрыйба топтоо жана окуу практикасын өтүүгө мүмкүнчүлүк бар", - деди Изава мырза.