Ырчы Айыма Айылчиева Түштүк Кореяда окуп келди. Ал университеттеги окуусунан тышкары ырчылык өнөрүн өркүндөтүү үчүн корей мугалиминен вокалдан сабак алганын айтат.
“Ал жактан жаңы энергия менен келдим. Өзүмдүн үстүмдөн иштеп, жаңы нерселерди үйрөндүм. Эми үйрөнгөндөрүмдү колдонуп жаңы, кызыктуу нерсе жасагым келип жатат”, - дейт ырчы.
Айыма Айылчиеванын маегин “Супер-Инфонун” жаңы санынан (№872, 18-июль, 2019-жыл) окуй аласыз.