Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы Бишкекте миллиондогон чыгым келтирген майнинг-ферма кармалганын билдирди. Маалыматка ылайык, аталган майнинг-ферма күнү-түнү иштеп, айына 13-14 миллион сомдук электр энергиясын коротуп турган. Бул Бишкектеги бир нече кичи район колдонгон электр энергиясына барабар.
Майнинг-ферма криптовалюталарды (биткоин) чогултуу менен иш жүргүзөт. Бул күчтүү видеокарталары бар компьютерлер жана атайын дата-борборлор аркылуу иштейт. Ал компьютерлер электр энергиясын өтө көп талап кылат. Учурда бир биткоиндин баасы 10 миң долларды чапчыйт.
"Компьютердик ишмердүүлүк менен алектенген Кытай жараны Л.П жана Кыргыз жараны А.А. "Т.Ц." ишканасын түзүшкөн. "Т.Ц" ишканасы "Электр станциялары" жана "Улуттук электр тармактары" ишканаларынан алынган электр энергиясын "К.Т" ишканасы аркылуу алып турган. Бул ишкана 2018-жылы 21 миллион сом иштеп таап, бирок салык төлөгөн эмес.
Ошондой эле "Т.Ц" ишканасындагы бир канча миң жабдуулардын тиешелүү документтери болгон эмес. Учурда бул майнинг-ферманын лицензиясынын мыйзамдуулугу, курулуш боюнча уруксат кагаздары териштирилүүдө. Финпол майнинг-ферма жана дата-борборлорго электр энергиясына кошулууга тыюу салуу боюнча тапшырманын аткарылышы боюнча маалыматтарды алуу үчүн Улуттук энергохолдингге кат жолдоду. Ошондой эле дагы башка майнинг-фермаларды издөө иштери жүргүзүлөт", - деп айтылат маалыматта.