Мамлекеттик каттоо кызматында автотранспорт каражаттарын мыйзамсыз эсепке коюу боюнча коррупциялык схема аныкталды

УКМК тарабынан Транспорт каражаттарын каттоо департаментинин кызмат адамдарына карата кылмыш иши козголгон. Тергөөнүн жүрүшүндө кызматкерлер сүйлөшүп алып, коррупциялык схеманы түзүшкөнү аныкталган. Анда Прибалтика, АКШ, Грузия өлкөлөрүнөн Кыргыз жерине ташылып келген транспорт каражаттары бажы алымдары төлөнбөстөн киргизилген. Натыйжада бюджетке ири өлчөмдө зыян келтирилгендиги белгилүү болду.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан ыкчам изилдөө иш-чараларынын жүрүшүндө ушул жылдын июль айында коррупциялык схема менен Кыргыз өлкөсүнө алып келинген Лексус жана Шевроле үлгүсүндөгү 2 унаа кармалган. Ошондой эле өлкөгө кирген унааларды каттоо жана алып келүүдө өлкөгө алдын ала 2 миллион 608 миң сом зыян келтирилген.

"Азыркы учурда Кыргыз өлкөсүнүн аймагында унааларды мыйзамсыз каттоо боюнча коррупциялык схемаларга катыштыгы бар тараптар жана аларга тиешеси бар Мамлекеттик каттоо кызматкерлерине карата текшерүү иштери жүрүп жатат" деп билдирет УКМКнын басма сөз кызматкери.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
isarti
2019-07-18 13:44:42
Налог, бажы деп эле отура бербей жаны ишкана ачуу дегенди да ойлонбойсунарбы.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан