Жогорку Кеӊештин депутаттары Түштүк Кореянын парламенттик делегациясы менен жолугушту

Жогорку Кеӊештин депутаттары Түштүк Кореянын парламенттик делегациясы менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жогорку Кеӊештин Корея Республикасы менен кызматташуу боюнча достук тобунун башчысы Аида Исмаилова баш болгон депутаттар Че И Бэ баштаган Корея Республикасынын Улуттук жыйынынын депутаттары менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушуу учурунда эки тараптуу кызматташтык мамилелердин келечеги тууралуу пикир алышты. Жолугушууга депутаттар Жыргалбек Турускулов, Абдимуктар Маматов, Тариел Жоробеков, Сагындык Келдибаев, Нурбек Тотонов катышты.

Депутат Аида Исмаилова Кореянын өткөн парламенттик жана президенттик шайлоолорго техникалык жардам көрсөткөнү үчүн ыраазычылык билдирип, Кореянын премьер-министри И Нак Ёндун Кыргыз өлкөсүндөгү сапары эки тараптуу кызматташтык мамилелерди жаӊы деӊгээлге көтөрө турганын белгиледи.

Корей парламенттик делегациясынын башчысы Че И Бэ өлкөсүнүн дарегине айтылган жылуу сөздөр үчүн ыраазычылык билдирип, Чыӊгыз Айтматовдун мамлекетине өтө чоӊ кубаныч менен келгенин баса белгиледи. "Шайлоолордун таза жана ачык-айкын өтүшү коомдун тазаланышына жол ачат. Парламенттин ишмердүүлүгү жаатында топтолгон тажрыйбабызды бөлүшүүгө даярбыз", - деди ал.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар авиакаттамдарды ачуу, туризмди өнүктүрүү, экологиялык жактан таза айыл чарба өнүмдөрүн экспорттоо, эмгек мигранттарынын квоталарын көбөйтүү маселелерин талкуулашты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан