Кыргыз мушкери Антонина Шевченко алгачкы жолу UFC уюмунун мыкты мушкерлер рейтингине кирди. Ал кыз-келиндер арасындагы 57 килограмм салмак категориясында мыкты 15 мушкердин катарын толуктады. Бул салмак категорияда учурда чемпиондук курга Антонинанын сиңдиси Валентина Шевченко ээлик кылып келет.
Антонина Шевченко UFC уюмунда эки беттеш өткөрүп, бир жеңиш бир жеңилүүсү бар. Ал кезектеги беттешин 3-августта чехиялык Лучия Пудилова менен өткөрөт.