Ольга Бузовага берилген белектер боюнча уюштуруучулардын жообу

Социалдык тармактарда орусиялык ырчы, алып баруучу Ольга Бузовага берилген белектер кызуу талкууга алынды. Жаңы ачылган көңүл ачуучу жайдын жетекчиси Бегимай Ольга Бузовага калпак, чепкен жаппаганын SUPER.KG порталына айтып берди.

"Лаунж бардын ачылышына карата уюштурулган концертке Ольга Бузованы чакырганбыз. Ал Бишкекке жалгыз эмес продюсери менен кошо келген. Концерттин аягында ырчыга кыргыздын улуттук саймасы түшүрүлгөн айымдардын кемселин кийгиздик. Ал эми ак калпак, чепкен жана камчыны анын продюсерине тартуулаганбыз", - деп билдиришти.

Кечээ, 19-июлда Бишкекке орусиялык ырчы жана алып баруучу Ольга Бузова келген. Ал борбордогу лаунж бардын ачылышына карата уюштурулган концертке атайын конок катары чакырылган.

Ольга Бузова конок бөлмөсүнөн тартууланган белектерди кийип, камчыны бир нече жолу жерге, үстөлгө дагы чаап көргөн. Видео социалдык тармактарга тез эле жайылып, талкууга алынды.

Ольга Бузовага кемсел кийгизишти
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
bond02
2019-07-20 14:16:54
Продюсерине кичине келип калып Ольгасына кийгизип коюптурбу.
+4
Bekturbek
2019-07-20 15:17:57
Кыргыз корбузго!үйүңө келип улуттук кийимдериңди арнерсе кылып шылдыңдап жатсада жыргап отурабыз.
+6
Mamiev
2019-07-20 16:29:11
Бере турган белегинер тугондубу. Келген конокко улуттук кийимди берсек эртең алар тебелеп тепсесечи. Ойлонуш керек да кичине шылтоо таба бербей
+5
Azkoni
2019-07-20 18:17:00
Кийим белек кылгандан садага кетесинерби!Озунор да кадырлап колдонбосонор керек да .Ошол учун ойноп атат мейманынар алжандап!!!
+5
talas0707
2019-07-20 20:39:24
Жарым жыланачка кийгизбей эле койбопсунарда же анынар бул кийимдин баалуулугун билсечи!
+4
aerforce
2019-07-21 08:33:33
Тушунбойм эмне учун башка улуттарга калпак чепкен жабасынар аялдарга баш барбы силерде эркектеринеда бербеш керек бул озубуздун улуттук кийим
0
Royal55
2019-07-21 11:48:25
не кылат берип?.Улуттун абройун тебелетип
+1
Aiymkunumjyldyzym
2019-07-21 18:05:53
тангыла такыр мойнунарга албагыла.Аааииийй укмуш жарашыптыр ким кийгизди болду экен сонун болуптур деп эл соз кылса биринчи чыкмаксынар биз кийгизгенбиз деп.
+1
nur_kadyr
2019-07-21 23:35:24
Бироодон уктум эле,Москвада ишканасынын директоруна белекке калпак,чепкен алпарып берген экен,кийин аны баняга тушкондо кие турган кийим кылып алыптыр деп.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан