Кыргыз улуттук курама команданын чабуулчусу Гүлжигит Алыкулов Беларус чемпиондугунда үчүнчү голун киргизди. Анын "Неман" командасы 16-турдук оюнда "Гомель" менен кез келген.
Аталган оюнда Алыкулов негизги курамда чыгып, 90-мүнөттө пенальтиден гол киргизди. Оюндун жыйынтыгы 1:1 эсеби менен аяктап, командалар бирден упайга ээ болушту.
Гүлжигит Алыкулов ойноп келген "Неман" клубу чемпиондукта 7-орунду ээлеп келүүдө.