Бүгүн, 24-июлда экс-президент Алмазбек Атамбаев Москвага учуп кетүү үчүн Кант шаарындагы авиабазага келди. Ал Канттагы авиабазанын аймагына бир нече унаанын коштоосунда кирип кетти. Аны узатууга келген тарапташтары учурда ал учакка отуруп абага көтөрүлүшүн күтүүдө.
Белгилүү болгондой, Атамбаев бүгүн атайын учуп келген учак менен Москвага 1 күнгө кетет.
Кант авиабазасы - Кыргыз өлкөсү менен Орусиянын келишимине ылайык, Орусия пайдаланган Чүй облусунда жайгашкан аскер аэродрому.