Израилде ойлоп табуучулар итти башкаруучу уникалдуу пультту иштеп чыгышты

Израилдик ойлоп табуучулар иттерди башкаруучу жилет жана пульт иштеп чыгышты. Аталган жилеттин жардамы менен жаныбарды аралыктан башкарса болот.

Аны кантип пайдаланса болору "IEEE World Haptics Conference 2019" иш-чарасында көрсөтүлгөн. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Жилетте төрт вибромотор орун алгандыктан итти башкаруу жеңил. Бул каражат перспективдүү технология катары бааланып, дрессировкада пайдаланса болорун ойлоп табуучулар белгилешти.

Бул сыяктуу каражаттар буга чейин деле болгон, бирок курт-кумурскаларга гана пайдаланылып келген. "Биздин системдин девайсы - үнсүз стимулдар менен итти башкарууга мүмкүнчүлүк түзөт. Систем итке кийилчү вибрациялык жилеттен жана башкаруучу пульттан турат. Вибрация белгилүү түзүмдөр аркылуу иттин денесине чейин өтөт", - деп билдирет Негев шаарындагы Дэвид Бен-Гурион атындагы университеттин кызматкери Илана Ниски.

Белгилүү болгондой, алгачкы сыноолор жабдуунун эффективдүүлүгүн көрсөтө алды. Ит оператор тарабынан берилген буйруктун 90 пайызын аткарууда. Үн командасын кабыл алуунун эффективдүүлүгү 83 пайызды түздү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Sagin87
2019-07-25 12:28:31
Жашыго бирок уйга же койгода ойлоп табышса жакшы болмок.
0
Almaz-kasimovich
2019-07-25 12:35:59
Алдын ала 120шт заказ берсек окшойт
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан