Улуттук госпиталдын айланасында дарыкана менен дүкөн көп, бирок тротуар жана унаа токтотуучу жай жок. Жашоочулар мэрияга кайрылышты

Борбор калаанын жашоочусу Айгүл Султанова Москва жана Тоголок Молдо көчөлөрүндөгү жолдорду "Бишкек шаарынын көчө-жолдор тармагын өнүктүрүү" долбооруна киргизүүнү сунуштап жатат. Ал арызды Бишкек шаарынын мэри, Транспорт жана жолдор министрлиги, Саламаттыкты сактоо министрлиги, Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жазды.

Анда Москва көчөсүндөгү Улуттук госпиталдагы ортопедиялык бөлүм, үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору, кардиология, урология бөлүмү, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери үчүн терапия бөлүмү, Эне жана баланы коргоо борбору менен №6 төрөт үйүнүн филиалы, Тоголок Молдо көчөсүндөгү балдар сүт азыктары ашканасынын айланасындагы көчөнү оңдоло турган тилкелердин катарына кошуу зарылдыгы белгиленген.

"Жолдордун оңдолушу бейтаптарды алып келе жаткан "Тез жардам" кызматынын унаасы ээн-эркин өтүшү үчүн зарыл. Ошондой эле менчик унааларды токтотуу үчүн атайын жай да керек. Унааларды ооруканага жакыныраак токтотууга азыр мүмкүнчүлүк жок. Өтүүчү жолдун жарымына ашкана, соода сатык менен алектенген павильондор жайгашкан. Мисалы, ооруканага өтүүчү жолдо ашкана, кафе, 4 дарыкана, 5 дүкөн, чакан базар бар. Жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуар таптакыр жок. Москва көчөсү бир тараптуу болгонуна карабай аймактардан ооруканага келгендер унааларын токтотуп жатышат. Мындан улам Бөкөнбаев жана Москва көчөлөрүндө унаа тыгыны жаралууда", - деп айтылат кайрылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан