Адистер адамдын өмүрүнүн узактыгын аныктай турган органды аташты

Геронтология тармагындагы көрүнүктүү адистер адамдын өмүрүнүн узактыгы ашказандын саламаттыгынан, өзгөчө микроорганизмдердин санынан көз каранды экендигин белгилешти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Белгилүү болгондой, башка оорулардын алдында турган метаболизм синдрому ашказандын туура эмес иштешинин натыйжасында пайда болот. Мындай процесс ашказанды туура эмес өлчөмдө пайдалуу, зыяндуу бактерияларга толтуруудан улам жаралат. Бул артериялык гипертензиянын өөрчүшүнө, ашыкча салмактуулукка, кандын суюлушуна, кандагы канттын көрсөткүчүнүн өзгөрүшүнө алып келет.

Окумуштуулар иммундук системдин саламаттыгы ашказан менен байланыштуу экенин белгилеп келишет. Анткени ашказанда вирустар жана башка микроорганизмдер менен күрөшкөн иммундук клеткалар көп. Ашказандын микрофлорасынын өзгөрүүсү түздөн-түз организмге таасирин тийгизет: тамак-ашка аллергия, баш оорулары пайда болуп, уйку таптакыр бузулат.

Адамдын ишке болгон жөндөмдүүлүгү начарлап, депрессияга да чалдыгышы мүмкүн. Ошондуктан ашказанда болуп жаткан өзгөрүүлөргө көңүл буруу маанилүү: ич катуу, диарея, метеоризм - ашказандын нормалдуу эместигинен кабар берет. Мындай белгилерди өз убагында байкап дарыгерге барган оң.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Shef87
2019-07-25 23:31:25
Даарыгерлерге барган менен жыйынтык болбой атпайбы
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан