Окумуштуулар адамдын кадамынын ылдамдыгынан ооруну аныктаса болорун билдиришти

Америкадагы гериатрика коомунун илимий кызматкерлери тарабынан адамдын кадамынын ылдамдыгы ден соолугу менен тыгыз байланышта экенин аныкташты. Бул тууралуу MedicalXpress басмасы жазды.

Окумуштуулар адамдардын ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелишине алып келүүнүн себебин изилдешкен. Жыйынтык 8 ай ичинде билине баштаган. Анда оорулар кадамдын ылдамдыгынын басаңдашынан, кыймылдын аздыгынан пайда болорун аныкташты. Илимий кызматкерлер эксперимент жүргүзүшүп, ага 70 жана андан жогорку жаштагы каалоочулар катышышкан.

Байкоо жүргүзүү процесси 8 жылга созулган, алгачкы жылдары адамдар 400 метр аралыкты оңой эле багындырышкан. Ошондой эле алар үчүн жогору карай 10 чакырым деле оорчулук жараткан эмес. Медицина кызматкерлери катышуучулардын жүрүм-турумуна жарым жыл сайын байкоо жүргүзүп турушкан.

Эксперимент соңуна чыгарда катышуучулар мурунку жыйынтыктарын көрсөтө алышкан эмес. Дем алуу көйгөйү бар, ашыкча салмактагы, диабет менен оорулуу айымдар эң төмөнкү көрсөткүчтү көрсөтүшкөн. Көбүнчө аз кыймылдаган, ориентациясы начар адамдардын ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелип калуу коркунучу бар экенин окумуштуулар аныкташкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Kanat.tls
2019-07-26 14:48:58
Аны изилдебей эле белгилүү.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан