Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Гүлжигит Калыков кызына Даткайым деген ысым ыйгарды. Ырчы бүгүн, 26-июлда кызын төрөтканадан үйүнө чыгарып келди.
"Жубайым менен кызымды үйгө чыгарып келүү үчүн ата-энем, келинчегимдин төркүнү, бир туугандарым барышты. Андан тышкары досторум дагы келишти. Үйгө келгенден бери уулум апасын кызганып, бөбөгүн колунан тартып, апасына жармашып жатат. Балама 1 жаш 9 ай болду", - дейт ал.
Ырчынын жубайы 22-июлда борбордогу төрөтканалардын биринде көз жарган.
2016-жылдын 8-июлунда Айпери аттуу сулуу менен баш кошуп, 2017-жылы уулдуу болушкан.