Сибирдеги токойдон чыккан өрт 3 миллион гектар аянтты күйгүзүп кетти. Учурда өрттү өчүрүүгө мүмкүн болгон аймактарда 2 миң 715 өрт өчүрүүчүлөр жана 343 техника тартылган. Мындан тышкары 28 учуучу техника дагы тилсиз жоону өчүрүүгө катышып жатканын чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Белгилүү болгондой, өрттүн келип чыгышы жана анын жайылышына +30 градустан жогорку температура, кургак аба ырайы жана чагылгандын түшүүсү себеп болгон.
Акыркы маалыматтарга таянсак, учурда өрт Иркутск, Тюмень, Красноярск, Хабаровск, Пермь, Забайкалье аймагы, Якутия, Бурятия жана Ямало-Ненецк автономиялуу округуна жеткен. Күйүп жаткан аянттын басымдуу бөлүгү Якутияда 1 миллион 200 миң гектар, Красноярск аймагында 1 миллиондон ашык гектар, 700 миңге чукул гектар Иркутск облусунда экенин “Гринпис России” өрткө каршы программасынын жетекчиси Григорий Куксин маалымдаган.
Буга байланыштуу Иркутск, Красноярск, Бурятия жана Якутиянын бир нече райондоруна өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Ал эми интернеттеги Сибирь Федералдык аймагында өзгөчө кырдаал режимин киргизүү петициясын 120 миңден ашык адамдар колдошту.
Өрттөн чыккан түтүн чектеш жайгашкан шаарларды дагы каптады. Тагыраак айтканда, түтүн Урал, Екатеринбург, Новосибирск, Омск, Тюмень, Пермь жана Челябинск шаарларына жеткен. Ал эми 25-июлдан баштап Казакстан жана Татарстандын айрым аймактарын каптаган. Аталган аймактардын тургундары өрткө карата эч кандай чаралар көрүлбөй жаткандыгын айтып, нааразычылыгын билдиришкен.
Гидрометеорологиянын алдын ала маалыматы боюнча өрт чыгып жаткан райондордо жакынкы күндөрү жаандын жаашы күтүлбөйт.