Актёр Кубанычбек Курманбековдун үйүндө наристе үнү жаңырды. Бүгүн, 30-июлда актёрдун жубайы Замира уул төрөдү.
"Жубайым бүгүн түшкү тамактануу убагынан кийин борбордогу төрөтканалардын биринде көз жарды. Кудайга шүгүр, эне-баланын абалы жакшы. Уулумдун салмагы 3 килограмм 650 грамм, бою 53 сантиметр болду. Наристебизге ысым тандай элекпиз", - дейт Курманбеков.
2015-жылы Кубанычбек Курманбеков Замира аттуу сүйлөшкөн кызына үйлөнүп, түгөйлөр уулдуу болушкан. Актёр "До+Фа", "Браво", "Пентхаус", "Бир мешок акча", "Понт" жана башка тасмаларда роль жараткан.