Жер жана Суу ресурстары боюнча эки башка мамлекеттик агенттик түзүлдү

Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Жер жана Суу ресурстары боюнча эки башка мамлекеттик агенттиктер түзүлдү. Тиешелүү жарлыкка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Жаңы түзүлгөн мамлекеттик агенттиги жер ресурстарын жана жерге болгон укуктарын натыйжалуу башкаруу, жер ресурстары жана кыймылсыз мүлк боюнча толук кандуу геомаалыматтык тутумду түзөт.

Буга чейин жер ресурстарын жана кыймылсыз мүлктү бирдиктүү жана натыйжалуу башкаруу агенттиги кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиги болгон.

"Жоюлган агенттиктин ведомство алдындагы түзүмдүк бөлүктөрү ар башка министрликтердин жана ведомстволордун карамагына берилген. Бул республикада жер ресурстарын жана жерге болгон укуктарды башкаруунун натыйжалуулугуна таасир берди", - деди өкмөт башчы.

Ошондой эле өкмөт башчынын айтымында, ар кыл министрликтердин жана ведомстволордун карамагына берилген түзүмдөр азыркы кезге чейин толук кандуу иштей албай жатат. Анткени министрлик жана ведомстволордун милдеттери ушул түзүмдөрдүн ишинин негизги багытына дал келбейт.

"Ошону менен бирге мамлекетте жер ресурстарын жана жерге болгон укуктарды башкаруу саясаты бирдиктүү мамлекеттик башкаруу органына жүктөлүшү керек. Мунун баарын эске алуу менен Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин базасында Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттигин түзүү чечими кабыл алынды", - деп баса белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Ал эми Суу ресурстары агенттигине мамлекеттик суу саясатын ишке ашыруу, башкаруу иш-чараларын координациялоо, суу ресурстарын колдонуу жана коргоо, аларга мониторинг жүргүзүү милдеттери жүктөлөт.

"Суу ресурстарын пайдаланууга жана коргоого бирдиктүү мониторинг жасалбайт. Мамлекеттин суу ресурстарына болгон менчиктик укуктары бузулууда. Себеби жер үстүндөгү булактардан сууну көзөмөлсүз алуу шарттары түзүлгөн. Мындай шарттардын кесепети суу керектөөчүлөрдүн укуктарынын бузулушу болуп саналат. Биздин өлкө суу ресурстарына бай экендигине карабастан аймактарды ичүүчү суу жана сугат суу менен камсыздоо начар бойдон калууда. Агенттиктин түзүлүшү менен суу секторунда улуттук, мамлекеттер аралык жана эл аралык деңгээлде бирдиктүү саясат жүргүзүлө баштайт", - деди өкмөт башчы.

Жер жана Суу ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктер республикалык бюджеттен кошумча финансы чыгымдарын талап кылбайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Rakyl12
2019-08-01 16:30:31
Орун алмашуунан сумма озгорулсун деп тилек кылалы.
0
oSporte
2019-08-01 17:35:41
Бирине сокенин кудасы экинчисине муханын бажасы башчы болду
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан