Кыргыз мамлекети Өзбекстандан 100 миллион доллар насыя алууну пландап жатат. Бул тууралуу бүгүн, 1-августта экономика министри Санжар Мукамбетов журналисттерге билдирди.
Анын айтымында, бул маселе Кыргыз-Өзбек премьер-министринин сүйлөшүүсүндө каралат. "Насыя жүн, терини кайра иштетүү менен алектенген ишкерлерге берилет. Учурда Кыргыз-Өзбек өлкөлөрүнүн ортосунда соода жүргүзүүнүн көлөмүн 1 миллиард долларга көбөйтүү тапшырмасы турат. Өзбекстанга цементти экспорттоо маселесин дагы карайбыз", - дейт экономика министри.