Кыргыз балбаны Айсулуу Тыныбекова Польшада өтүп жаткан Poland Open-2019 эл аралык мелдеште финалга чыкты. Аталган турнир 2-августта старт алган.
Тыныбекова 62 килограммга чейинки салмакта күч сынашып, 3 атаандашын жеңди. Швеция, Украина жана Орусиянын спортчуларын жеңип, финалга чыга алды.
Алтын медаль үчүн Тыныбекова Тунистен келген балбан менен күрөшөт.